2026-жылдын 22-сентябрында Мамлекеттик тил күнүнө карата Экономика жана финансы институтунда жалпы студенттер үчүн “Кыргыз тили  улутубуздун негизги байлыгы” аталышындагы лекция уюштурулду. Ф.и.к., доцент Ж.М.Орозалиева кыргыз тилинин тарыхы, анын өзгөчөлүктөрү, курамы тууралуу айтып, улуттук тилдин бүгүнкү абалына токтолду. Студенттер терең кызыгуу менен көңүл буруп, тилдин колдонулушу жаатындагы бир топ суроолорун беришти. Лекция жандуу өттү жана өз максатына жетти.