Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 17-июнундагы №77-ӨК/АГ тескемесине ылайык Экономика жана финансы институтунун биринчи проректору Азимов Күлүйра Эсенгуловна мамлекеттин социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги, ошондой эле жигердүү коомдук ишмердиги үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланды.
Бул адам эмгегинин өтө обьективдүү бааланышы деп эсептейбиз, сыйлык өз ээсин тапты. Анткени Азимова Күлүйра Эсенгуловна көп жылдардан бери өлкөбүздүн социалдык-экономикалык жана билим берүү тармагында олуттуу иштерди жасап, талбай эмгектенип, кесипкөйлүгү, иш билгилиги, реформаторлугу жана адамдык асыл сапаттары менен жаш муундарга үлгү болуп келүүдө.
Кесиптештери, бирге иштешкен жаматы Күлүйра Эсенгуловнанын бул сыйлыгы менен чын жүрөктөн куттуктайт жана мындан аркы ишиндеги чыгармачылык ишмердүүлүктөрдү, дагы бийик жетишкендиктерди, албан ийгиликтерди каалайт!
Кадамыңыз арыбасын, жетишкендиктериңиз дагы да мындан жогорку мамлекеттик сыйлыктар менен баалана берсин, урматтуу Күлүйра Эсенгуловна!

