Экономика жана финансы институтунда Дүйнөлүк акча жумалыгына арналган иш-чаралар башталды.

Студенттерге сынактардын шарттары жана форматтары кеңири түшүндүрүлдү. Алар өз билимдерин жана чыгармачылыгын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Иш-чаранын алкагында студенттер акча жана ар түрдүү өлкөлөрдүн валюталары тууралуу кызыктуу жана мазмундуу материалдарды даярдашты.

Өзгөчө атмосфераны интерактивдүү бөлүк жаратты: «Финансылык крокодил» оюну жана валюталар боюнча викториналар өткөрүлүп, студенттердин активдүү катышуусун жана кызыгуусун арттырды.

Иш-чаранын алкагында улук окутуучу Сальпиева Т.Ш. «Студенттер үчүн финансылык сабаттуулук» темасында тренинг өткөрүп, жеке каржыны башкаруунун негизги аспектилерин түшүндүрдү.

Бул иш-чара студенттердин финансылык билимдерин жана практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүү үчүн мыкты мүмкүнчүлүк болду.