2018-жылдын 31-октябрында Экономика жана финансы институтунда Түрк маданиятынын эл аралык уюму 2018-жылды — Чыңгыз Айтматов жылы деп бекиткендигине байланыштуу, профессор-окутуучулук жамаат жана студенттердин биргелешкен иш-чарасы өттү. Иш-чарада физика-математика илимдеринин кандидаты, профессор А.М.Алыбаев, философия илимдеринин кандидаты, профессор К.С.Байбосунов, филология илимдеринин доктору, профессордун милдетин аткаруучу Н.М.Койчуманова, окуу бөлүмүнүн башчысы, доцент Озерова Э.К., орто кесиптик билим берүүнүн директору Сальпиева Т.Ш., окутуучулар: Джусупбекова М.С., Ниязбеков К., Шайымбек кызы Н., Бактыбекова З. катышышты.