2018-жылдын 4-сентябрында Экономика жана финансы институтунун профессордук-окутуучулук жамааты жана студенттери жаңы окуу жылдын башталышы менен деп, башкы имаратка чогулушту. Чогулушта Экономика жана финансы институтунун ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Сарыбаев Айылчы Сарыбаевич баарын жаңы окуу жылы менен куттуктап, окуу жайыбыздын келечек пландар менен тааныштырып, студенттерге ийгилик каалады. Андан кийин сѳздү экономика илимдеринин доктору, профессор Ишенов Бейшенбек Ишенович жана биринчи проректор Азимова Гулира Эсенгуловна улашты.

Чогулуштан кийин, орто кесиптик билим берүүнүн директору Сальпиева Толкун Шаршенбековна жана окуу бѳлүмдүн башчысы Озерова Эльмира Куванычпековна студенттерди группалары менен тааныштырып, окуу процессти түшүндүрүп беришти.