Жашоо – тынбаган кыймыл, өсүү, өзгөрүү жана өнүгүп туруу эмеспи. Бирок, баардык эле адамдар эл-жерине кызмат кылууда улам өсүүнү, дайыма өнүгүүнү, жарыгын берген жаңыланууну талбастан көздөп жүрүп отурбайт. Иштеген жылдарын санабай, кылган кызматын жар салбай, жаманынан чарчадым дебеген, жакшысынын баркына жеткен, кийинки муунду тарбиялоону уланта берген адамдарыбыз саналуу. Ошондой мекенчилдерибиздин бири – нечен жылдан бери кыргыз экономикасына зор салымын кошуп келаткан, билимди, илимди, тартип менен эрежени туу туткан агайыбыз – Экономика илимдеринин доктору, профессор, Экономика жана финансы институтунун ректору Айылчы Сарыбаевге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы « Бухгалтердик эсеп жана аудиттин отличниги » деген ардак наам тапшырды. Айылчы Сарыбаевич алгач эмгек жолун башкы бухгалтерден баштап, бүгүнкү күндө өмүр бою топтогон тажрыйбасын колдонуп, мыкты экономисттерди жана башка адистерди чыгарган жогорку окуу жайды түзө алды.
Агай сыйлыгыңыз кут болсун. Мындан ары дагы өлкөнүн экономикасына өзүңүздүн зор салымыңызды кошо бересиз деп ишенебиз!
- Главная
- Структура
- Студентам
- Выпускникам
- Аккредитация
- Новости ИЭФ
- Онлайн регистрация
- Направления
- Бакалавриат
- Среднее профессиональное образование
- Информационный буклет
- Положение о Приемной комиссии ИЭФ
- Положение об отборе и зачислении абитуриентов по результатам ОРТ
- Финансы и кредит
- Бухгалтерский учет, анализ и аудит
- Налоги и налогообложение
- Мировая экономика
- Математические методы в экономике
- На базе 9-класса
- На базе 11-класса
- 080110 «Бухгалтерский учет»
- Бакалавр
- СПО