«Эки түрлүү адам баалуу башынан, бири бек да, бири акылман деп угам», – деп Жусуп Баласагын айткандай, акылмандыгы, адилеттүүлүгү менен эл башкарып, «Алай ханышасы» атыккан Курманжан даткадай эл башчылары, Каныкей энебиз сыяктуу эжелерибиз арабызда бар деп айта алабыз. Алардын бири өзүнүн талыкпас эмгеги, аракетчилдиги, жумушка болгон жоопкерчилиги, тактыгы, кесипкөйлүгү менен айырмаланып келе жаткан Экономика жана финансы институтунун проректору, Кыргызстан аялдар конгрессинин кумуш медалынын ээси, финансы кызматынын отличниги Гулира Азимова. Көптөгөн кайрымдуулук иштерге катышып, өзүнүн салымын кошуп, ийгиликтерди жаратып келе жаткандыгы үчүн бүгүн Кыргыздын алдыңкы айымдарынын сап башына илинип отурат. Күчтүү аялзатына тиешелүү болгон бардык сапаттар сизде бар. Сыйлыгыңыз кут болсун эже!!!