2025-жылдын 3-декбрында Экономика жана финансы институтунда «Манас» күнүнө арналган «Манас» — адамзаттын руханий мурасы» аттуу иш чара өткөрүлүп, Манас феномени жана эпостун табияты, өзгөчөлүгү, манасчылык өнөр тууралуу студенттерге лекция окулуп, «Семетейдин Үргөнчтү кечкени» эпизодун кечеге келген конок манасчы Бегалиев Эсенбол айтты. Жандуу айтылган бул Манас айтуу «Манас» эпосунун ЮНЕСКОнун материалдык эмес баалуулук тизмесине кириши тууралуу талкуунун практикалык негиздемеси болуп калды. Студенттердин берген суроолорунан бул кыргыз элинин улуу руханий мурасына болгон жаш муундардын зор кызыгуусу байкалып турду.