2025-жылдын 24- сентябрында Экономика жана финансы институтунда «Эне тилде сүйлөйм, иштейм, ыр ырдайм…» аталышындагы Мамлекеттик кыргыз тил күнүнө арналган иш-чара болуп өттү. Анда студенттерди патриоттуулукка жана гуманизмге үндөгөн лекциялар окулуп,
кыргыз руханий мурастарынын негизиндеги адабий сынак уюштурулду. Алдын ала түзүлгөн программага ылайык институтта окуган ар бир группа кыска сценка жана көркөм окуу номерлерин аткарышты жана эң күчтүүлөр, эң билимдүүлөр жеңип чыгышты. Жыйынтыгында калыстар тобу татыктууларды сыйлап, ал эми студенттердин жүздөрүнөн улуттук дөөлөттөрүбүзгө карата терең кызыкчылык артылганы сезилип турду.