Экономика жана финансы институту ата-энеси жок, аз камсыз болгон уй-булөлөрдүн балдарына жардам корсотот. Институттун чет өлкөлүк өнөктөшү 10 балага аталган окуу жайда акысыз билим алууга жардам берет. Эгер томолой жетим калып, же балаңызды жогорку окуу жайларда окутууга шартыңыз жок болсо, Экономика жана финансы институтуна кайрылыңыздар. Ал учун бутуруучу жалпы республикалык тестирлоодо 110 баллдан кем болбошу керек. Институтта түзүлгөн атайы комиссия аныктап, текшерген соң балдар акысыз билим алууга мүмкүнчүлүк алышат. Дареги: Бишкек ш., Токтогул 212/1, Тоголок Молдо 60А. Телефондор: 0700 100-600; 0312 32 49 69

Экономика жана финансы институту эл аралык интеграция шартында жогорку профессионалдык деңгээлдеги экономисттерди даярдайт. Аталган институт окутуучулар,окумуштуулар, студенттер жана анын бүтүрүүчүлөрү үчүн ачык жамаат болуп саналат. Бир катар чет элдик жогорку окуу жайлар менен биргеликте бизнес-мектептерди жана ACBSP программасы боюнча эл аралык каттоо кеңешинин системасына кирип жатат. Бүгүнкү күндө экономика жана финансы институту:
1. Финансы жана кредит
2. Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит
3. Эл аралык экономика
4. Салык жана салык салуу
5. Экономикадагы математикалык ыкмалар боюнча адистерди даярдайт.
Мындан тышкары бухгалтердик эсеп боюнча орто кесиптик билим берүү дагы жүргүзүлөт. Бүгүнкү күндө экономика жана финансы институтунун бүтүрүүчүлөрү өкмөттүк жана мамлекеттик мекемелерде, банктарда жана эл аралык финансылык уюмдарда, ошондой эле башка финансылык институттарда иштеп келишет.