Экономика жана финансы институтунун жыйындар залында 2021-жылдын 24-сентябрында саат 10.00 до «Тил – улуттун тагдыры» деген аталыштагы Кыргыз Республикасындагы Мамлекеттик тил күнүнүн 33 жылдыгына арналган иш чара болуп өттү. Иш чара Экономика жана финансы институтунун ректору, э.и.д., профессор А.Сарыбаевдин жыйынды ачуу жана куттуктоо сөзү менен башталып, Экономика жана финансы институтунун биринчи проректору Г.Э.Азимованын куттуктоо сөзү жана кыска баяндамасы окулду. Мамлекеттик тил майрамына, кыргыз тилинин тарыхына, бүгүнкү абалына жана келечегине байланышкан слайд-видео көрсөтүлүп, ф.и.к., доцент Ж.М.Орозалиеванын кыргыз тилинин тарыхына жана бүгүнкү абалына арналган «Тил – улуттун тагдыры» деп аталган лекциясы окулду.

         Жыйынтыгында тил көйгөйлөрүнө байланышкан суроо-жооп, пикир алышуу жүрдү.

         Алдын-ала жарыяланган видео-роликтердин жана дубал гезиттердин конкурсунун жыйынтыгы чыгарылды.