Урматтуу Зарыл Усеновна!

            Сизди жарык дүйнѳгѳ келген күнүңүз менен чын дилибизден куттуктайбыз!

           Зарыл Усеновна, биз сиздиѳз кесибиңизди мыкты билип талыкпаган аркетиңиз, эмгекчилдигиңиз аркасында улам бийик баскычтарды багындырып келе жатасыз. Алдыда дагы далай пландарыңыз, койгон максаттарыңыз бар. Сиз ѳрнѳктүү ѳмүр сүрүп, чын дилиңизден жаштарды тарбиялап, билимге сугарып келе жатасыз. Сизге терең ыраазычылык айтуу менен ушул кутмандуу курагыңызда жашоонун түйшүгү аз, куунак күндѳр кѳп болуп, ар бир тилегиңиз оорундалып, жоро-жолдош, бир туугандарыңыздын жана балдарыңыздын сыйын кѳрүп жүрүшүңүзгѳ тилектешпиз.

             Сизге бакты-таалай, иштериңизге ийгиликтерди тилеп, чың ден-соолук, узун ѳмүр, кажыбас кайрат каалайбыз!

            Балдарыңызга баш-кѳз болуп, небере-чѳбѳрѳлѳрдү эркелетип, жетимиштин жергесин тепсеп ѳтүп, сексен жашты сермеп, токсон жылдыктарды тоголоткон тойлорду белгилешиңизге ак пейлибизден тилектеш экенибизди билдиребиз.

ЭжФИнун коллективинин атынан

ЭжФИнун ректору,

э.и.д., профессор

КР илимдерине

эмгек сиңирген ишмери                                                   А. Сарыбаев