12- декабрь 2019 жылы Экономика жана финансы иституту жана Нарын областынын, Кочкор районунун Кара-Саз айылындагы Сагынбай уулу Орозбак атындагы орто мектеби биргелешкен откорушту.

Сабакты Экономика жана финансы институтунун «Информатика» сабагынын окутуучусу э.и.к., Орозалиев Туратбек Сагынбекович жана Сагынбай уулу Орозбак мектебинин «Информатика» сабагынын мугалими Асанбек кызы Алтынай «Электрондук таблица» темасында отту.

Телеконференцияга «TeamViewer» программасы колдонулду. Сабактын угуучуларына 8-б класстын окуучуларына аталган тема боюнча сабак түшунүктүү жана таасирдуу болду.

Электрондук жадыбалды колдонуу берилиштер менен иштөөнү жана эсептөөлөрдү жүргүзүүнүн жеңилдиктери, экономика жана бухгалтердик эсептерде кеңири колдонулушка ээ экени ошондой эле электрондук жадыбалды төмөнкүдөй илимий-техникалык маселелерде эффективдүү колдонууга болоору, чоң берилиштер жыйыны үстүнөн бирдей амал жүргүзүү; Жыйынты кэсептөөлөрүн автоматташтыруу; Параметрлердин маанисин тандоо жолу менен эсеп чыгаруу; Тажрыйба жыйынтыктарын иштетүү; Параметрлердин оптималдуу маанисин тандоо; Жадыбал документтерин даярдоо;  Берилген маалыматтар боюнча диаграмма жана график түзүүжөнүндө жакшы лекция окулду.

Сабакта Экономика жана финансы институтунун «Информатика» сабагынын окутуучусу э.и.к., Орозалиев Туратбек Сагынбекович өзүнүн компетенттүүлүгүн көрсөтүү менен окуучуларга Экономика жана финансы институту жетишерлик деңгээлде билимге ээ кылып,  мыкты адис даярдап чыгаруу мүмкүнчүлүгү бар экени жөнүндө түшүнүктөрүн калыптандырды.