Экономика жана финансы институтунун ректору

             Экономика илимдердин доктору, профессор Айылчы Сарыбаевдин автобиографиясы

 

             Айылчы Сарыбаев 1948-жылы 24-ноябрда Кыргыз ССРинин Тянь-Шань облусунун Жумгал районунун Кайырма айылында тѳрѳлгѳн.

             8-класска чейин Кайырма орто мектебинде билим алып, 1963 жылы Фрунзедеги Финансы жана экономика техникумуна тапшырып анын «Бюджеттик мекемелердин бухгалтердик эсеби» адистигин 1966 жылы бүтүргөн.

              Эмгек жолун 1966-жылы Балыкчы шаарындагы Ысык-Кѳл РайОНОсунда бухгалтердик кызматтан баштаган. 1967-жылы Жумгал райондук финансылык бѳлүмүнѳ мамлекеттик кирешелер боюнча экономист болуп которулган. 1968-жылдан 1969-жылга чейин Жумгал райондук Мамлекеттик камсыздандыруу инспекциясында башкы бухгалтер болуп иштеген.

                1969- жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетине “Финансы жана кредит” адистиги боюнча күндүзгү окуу бѳлүмүнѳ тапшырып, аны 1974 жылы бүтүргөндөн баштап “финансы жана кредит” кафедрасында окутуучу болуп иштеп калган. Бул кафедрада 1994-жылга чейин окутуучулук, ага окутуучулук, доценттик кызматта иштеген.

                1982-жылы Алма-Атанын эл чарба институтунда (азыркы КазЭУ) экономика илимдеринин кандидаты окумуштуу даражасын алуу үчүн  диссертация жактаган (08.00.10.-Финансы, акча жүгүртүү жана кредит). 1994 жылы доценттик наамын алган.

               2004-жылы экономика илимдеринин доктору илимий наамын алуу үчүн “Экономиканы  жѳнгѳ салуудагы мамлекеттик финансы” деген темада диссертациясын жактаган. (08. 00. 10.- Финансы, акча жүгүртүү жана кредит). 2006 жылы профессорлук наам алган.

               1994 жылдан баштап  рыноктук экономиканын негиздерин үйрөнүү үчүн финансы жана кредит боюнча кайра даярдоо курсун Ташкенттеги, Алмата жана Вашингтондогу Бүткүл дүйнѳлүк банктын эгидасы астында, Италияда, Турцияда ЕБРРдин,  Бүткүл дүйнѳлүк банктын экономикалык ѳнүгүү институтунан рыноктук экономика шартында квалификациясын кайра көтөрүү курстарынан окуган.

               1995 -1996 жылдары  Банк кызматкерлери үчүн регионалдык  окуу борборлорун түзүү жана ѳнүктүрүү боюнча окууну Түрк ѳкмѳтү жана Европа ѳнүктүрүү банкынын колдоосу менен  Ѳзбекстанда, Турцияда жана Италияда окутуу методикасынын жогорулатуу курстарын бүтүргөн.

               1990-жылдан 2009-жылга чейин бир эле учурда КРСУ, КЭУ, БГУ, МУК, БФЭАда жана башка республиканын ЖОЖдорунда доцент, профессордук, кафедра башчысы кызматта, факультеттин деканы, биринчи проректор катары иштеп, ар түрдүү дисциплиналар боюнча лекцияларды окуп, бир нече жолу мамлекеттик аттестация жана кандидаттык жана докторлук илимий иштерди жактоо боюнча диссертациялык  комиссияларды жетектеген. Кыргыз Республикасынын билим берүү министирлигинин ЖОЖдорду аттестациялоодо жана кадрларды кайра даярдоо боюнча лицензияны берүүдѳ мамлекеттик комиссиянын бир нече жолу мүчѳсү жана башчысы болгон.

                2009-жылдан 2015 жылга чейин  Ж.Баласагын атындагы КУУнун  алдыңкыларынын бири болгон экономика жана финансы институтун жетектеп келген.

                Азыр өзү уюштурган Экономика жана финансы институнун ректору болуп иштеп жатат.

                 Кыргыз Республикасы кѳз карандысыздыгын алгандан кийин жаңы экономикалык система боюнча нормативдик документтерди иштеп чыгууга активдүү катышкан. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджети”, “Баалуу кагаздар рыногу”, “Камсыздандыруу”, “Салык жана салык салуу” ж.б. боюнча мыйзамдарды иштеп чыгууга катышкан. Кыргыз Республикасынын бюджет процессинин демократиялык коом шартында процедурасын иштеп чыккан.

                 Бир нече жолу республикалык шайлоолорго катышкан. 2000-2010 жылдары оппозициялык коомдук парламенттин мүчѳсү болгон. 2010-жылдагы жаңы Конституциянын талкуусуна жана кабыл алынуусуна катышкан. Партиялык шайлоолорго катышкан.

                Агрардык академиянын,Жусуп Баласагын атындагы КУУнун, Билим берүү жана илим министрлигинин,  Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин  Ардак грамоталары, Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирикмесинин,Эл агартуунун, финансы жана экономика тармагынын,  Кыргыз Республикасынын финансы рыногунун отличниги, Эсеп палатасынын, Мамлекеттик салык инспекциясынын, Улуттук банктын, төш белгилери, К.Карасаев атындагы алтын медаль, Бишкек шаарынын алтын значогу, Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаевдин кол сааты менен сыйланган.

               Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик биримдигинин Президиумун жана борбордук комитетинин мүчөсү, социалдык коргоо демилге тобунун жетекчиси. Бул топтун демилгеси менен республиканын агартуу тармагындагы кызматкерлердин айлыктары системалык түрдө козголуп жана көтөрүлүп турат.

              Баалуу кагаздар рыногунун финансылык козомолдоо кызматында Бухгалтерлик эсеп жана аудит комиссиясынын со-председатели.

              КУУнун экономист-бүтүрүүчүлөрүнүн ассоциациясынын президенти.

              М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин алдындагы Д08.15.521 дисертациялык кенештин мучосу.

             Жумгал районунун ардактуу атуулу.

            Жумгал районунун Байзак айылынын ардактуу атуулу.

            Кыргыз Республикасынын Ардактуу инсандар коомунун президиумунун мүчөсү.

             Ардактуу инсандар коомунун “Журт Атасы”жана “Ардактуу Аксакал” номинациясынын ээси.

             Жана башка көптөгөн коомдордун, газета журналдардын жыл аягында ыйгарган номинацияларынын ээси.

              200 дөн ашык макалалардын жана китептердин автору. 30 экономика илимдеринин кандидатын жана 5 доктордун илимий жетекчиси болгон.

              Монографиялар жана китептер

              1.Социально-экономическое развитие Ленинского района г.Бишкек за 1981-1985 гг.,- Фрунзе 1982 ( коллектив авторов)

              2.История развития советских финансов –Фрунзе,КГУ, 1989

              3.Роль прибыли в материальном стимулировании в системе АПК –Фрунзе, 1989 ( Б.Осмонов).

              4.Методика разработки индикативных планов-прогнозов экономического и социального развития республики (Коллектив авторов). Бишкек.  1966

              5.Государственные финансы в экономике Кыргызской Республики.-ИД Наука и образования, Бишкек, 2002

              6.Финансы местного самоуправления(И.И.Искаков, О.У.Имангазиева) — Бишкек, 2012

              7.Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикасы ( Искаков И.И.).-Бишкек, 2012.

              8.История развития банковской системы Кыргызской Республики (Ш.Садыбакасова).-Бишкек, 2014

              9.Кредитная система Кыргызской Республики ( Н.Асанова)-Бишкек 2015.

              10.Операцияны изилдөөнүн экономикадагы моделдери жана ыкмалары: теориясы жана практикалык маселелердин чыгарылышы (в соавторстве –Раманкулов С.Т,Аскар кызы Лира)- Бишкек, 2015.

              Маркетинг аграрного сектора экономики Кыргызской Республики (В соавторстве Ж.Алыбаева)-Бишкек, 2014г.

              12.Макалалар жыйнагы (Сборник  публикаций и статьей) – Бишкек, 2014

             Всего опубликовано в газетах и журналах Кыргызской Республики и зарубежных стран более 200 статей, докладов и выступлений.

Экономика жана финансы институнун Ректору, экономика илиминин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев

 

Монголиянын Экономика жана финансы институтунун проректору профессор Бацоож менен

 

М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин ректору экономика илимдеринин доктору профессор Толобек Камчыбеков менен

Профессор А.Сарыбаев  НГУнун ректору , экономика илимдеринин доктору, профессор Дамира Омуралиева менен Мамлекеттик экзаменден кийин

Ректор А.Сарыбаев 1994 жылы Стамбулда  Борбордук Азия өлкөлөрүнүн профессурасы менен окууда

 

Ректор А.Сарыбаев 1995 жылы Италияда  Борбордук Азия өлкөлөрүнүн профессурасы менен окууда

Тегерек үстөлдүн катышуучулары Ю.Тойчубеков, А.Жапаров, Ш.Мусакожоев, О.Шаршенов менен

Ректор А.Сарыбаев жердештери менен (2008 жыл, ноябрь)

А.Сарыбаев Тажик Республикасынын Академиги Талбак Назаров жана жетекчиси экономика илиминин доктору, профессор Алимов Равил Гаибович менен Алматыда кандидаттык диссертациясын коргогондон кийин (1982 жыл)

Тегерек үстөлдүн катышуучулары Ю.Тойчубеков, А.Жапаров, Ш.Мусакожоев, О.Шаршенов менен

 

Экономика факультетинин деканы, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдразак Рахматов

А.Сарыбаев академиктер, коомдук жана саясий ишмерлер А.Борубаев, А.Эркебаев,К.Идинов, А.Жекшенкулов менен

Ректор А.Сарыбаев аспиранттары А.Жапаров жана Ю.Тойчубеков менен

Профессор А.Сарыбаев атактуу журналист жана акын жердеши Алым Токтомушев менен

Балыкчы социалдык-экономикалык институтунун ректору профессор Талгар Аденов менен

 

Экономикалык факультеттин «Финансы жана кредит» адистигин 1974 жылы бүтүргөн группалаштары менен 30 жылдан кийин Ысыккөлдө